Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

«Чоң Сегиздик» экономикалык жандануу аргаларын талкуулоодо


«Чоң Сегиздикке кирген» мамлекеттердин лидерлери Канадада жыйынга чогулуп, акырындап кризистен чыга баштаган дүйнөлүк экономиканы андан ары чыңдоо жолдорун талкуулап жатат. Торонто шаарынын түндүгүдөгү көл четиндеги бул саммитке катышып жаткан немис канцлери Ангела Меркел Европа Биримдигинин бүджөттүк таңкыстыкты кыскартуу саясатына Кошмо Штаттар каршы чыкпагандыгын өзгөчө белгиледи. «Чоң Сегиздиктин» жетекчилери дүйнөдөгү балдардын жана энелердин ооруларын жоюу багытында 5 миллиард доллардык каражат жумшоого убада кылышты.
Бүгүн Торонто шаарында «Чоң жыйырмалыктын» эки күндүк саммити ачылат. Ага өнүккөн өлкөлөрдөн тышкары Индия, Кытай жана Бразилия да катышат.

XS
SM
MD
LG