Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

М.Турганбаев: С.Бакиевдин кармалышын Жалал-Абад эли түшүнүү менен кабыл алышты


Бул тууралуу Ички иштер министринин биринчи орун басары Мелис Турганбаевдин маалыматына таянып, Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. “Элдин көпчүлүк бөлүгү мурдагы президенттин жакын тууганы Санжар Бакиевдин кармалышы менен облус аймагында массалык башаламандыктардын болушу токтойт деп эсептейт”, - деп айткан М. Турганбаев.

Ошондой эле анын айтымында, өткөн суткада Жалал-Абад облусунун аймагында укук бузуулар жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес. Убактылуу орун которуштургандар үйлөрүнө кайтууда.

Ал эми ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Эргешбаев Санжар Бакиев бир нече курал-жарактар менен кармалганын бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, аны менен чогуу жүргөн дагы эки бала кармалган. С.Бакиев учурда Бишкекке алынып келинип, сурак берүүдө.

Санжар Бакиев ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ыкчам-издөө аракеттеринин натыйжасында Жалал-Абад облусунун тоолорунда колго түшүрүлгөнүн, кечээ 25-июнда ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ал май айындагы Жалал-Абаддагы окуяларга тиешеси бар деп шектелүүдө.

Бакиевди коргоо комитетинин өкүлү Жанара Молдокулова С.Бакиевдин күнөөсү жоктугун, ал чет өлкөдөн түштүктөгү окуяларга тиешеси жоктугун далилдегени келгенин “Азаттыкка” кабарлады. С.Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин агасы Жусупбек Бакиевдин баласы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG