Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Жалал-Абадагы тополоңду уюштурду деген шек менен 38 адам кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов билдирди. Анын айтымында, тополоң учурунан бери кармалгандар улуттук араздашууну, массалык башаламандыкты уюштурду, киши өлтүрдү деп шектелип, айыпталууда. Учурда тергөө иштери жана окуяны уюштургандарды издөө боюнча операциялары жүрүп жатат. К.Байболов күнөөсү аныкталган кылмышкерлер өз жазасын алышы керек деп билдирди. Ошондой эле жаңжал бийлик талашуунун негизинде келип чыкты деп кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG