Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Ысык-Көл: 15 634 шайлоочу добуш берди

Саат 9га Ысык-Көл облусундагы 230 миңдей шайлоочунун 15 634 шайлоочусу же 6,5% референдумга катышты. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Баттал Бөзгөрпоевдин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусу боюнча Жети-Өгүз району 10,4% добуш берүү менен азырынча алдыда келатат. Референдумдун жүрүшүнө эл аралык байкоочулар көз салууда. Референдум комиссиясынын курамына быйыл саясый партиялардан 699 мүчө киргизилген. (RB)
XS
SM
MD
LG