Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Т.Үмөталиева: Жаңы конуштарда мыйзам бузуулар болууда


Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” билдиргендей, Бишкектин айрым жаңы конуштарында уюшкан автобустар элдерди ташып, улам ар кайсы шайлоо бекеттерине алып барып добуш бердиртишүүдө. Анын айтымында, шайлоо бекеттеринин жетекчилери Убактылуу өкмөттүн акыркы декретине таянып, шайлоочулар кайсы шайлоо бекетине болсо да барып добуш берүүгө акылары бар экенин, бирок массалык ташуулар уюштурулбаганын айтышууда. Мындай мыйзам бузуулар болуп атканын азырынча Кыргызстандагы башка эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар катташа элек. “Азаттыктын” ар кыл шайлоо бекеттеринде жүрүшкөн кабарчылары да бир эле жерде бир канча жолу добуш бердиртүү аракеттерин байкашкан жок. (IJz)

XS
SM
MD
LG