Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Ху Цзинтао АКШга ырасмий конокко барат


Кытай президенти Ху Цзинтао мамлекеттик сапар менен Кошмо Штаттарга келип кетүү боюнча АКШ президенти Барак Обаманын чакыруусун кабыл алды. Ак Үйдүн маалымдашынча, сапардын мөөнөтүн эки тарап тактайт. Чакыруу Чоң жыйырманын Канададагы саммити учурунда жасалды. Вашингтон жана Бээжин арасында Кытай акчасы юандын алмашуу курсу, соода жана Ирандын өзөктүкк программасы боюнча жакында жаралган келишпестиктер бар. Кытай бир нече күн мурда юанды мурдакыдай АКШ долларына бекем “көгөндөгөнүн” токтотуп, курсун бир аз эркин койо берген. Бирок Вашингтондо юандын алмашуу курсу дале төмөн кармалууда, бул Кытай товарларын өтүмдүү кылууда деп санашат.

XS
SM
MD
LG