Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:17

Чет элде жүргөн кыргызстандыктар добуш беришүүдө


Чет элде жүргөн кыргызстандыктардын шайлоого катышуу укуктарын камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен өлкө сыртында 38 шайлоо бекети түзүлгөн. Алардын ону Орусияда, төртөө Казакстанда, үчөө Германияда жана андан башка өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө бирден шайлоо бекеттери уюштурулган.

Чет мамлекеттердеги шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн баштап иштей баштады. Убакыттагы айырмачылыктарды эске алганда, Бишкек сааты боюнча 13:00гө карата Казакстан менен Орусияда жүрүшкөн кыргызстандыктар референдумга активдүү катышышты.

Алмата шаарында уюшулган шайлоо бекетинде катталган шайлоочулардын 70 пайыздан ашууну добуш берсе, ошол эле шаардагы Кыргызстандын элчилигинде ачылган бекетте катталгандардын 85 пайыздан ашууну добуш берген. Ал эми Астана шаарындагы эки шайлоо бекетинде катталган шайлоочулардын 30 пайыздан ашууну добуш берген.

Орусиянын Санк-Петербург шаарында катталган кыргызстандыктардын 56,7 %, Читада 55,78 %, Екатеринбургда 41,52 %, Самарада 33,05 %, Красноярскта 18,82 %, Новосибирскте 16,02, Москвада 12,82 пайызы добуш беришкен. Добуш берүү уланууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG