Майкл Жексондун бермет таштар менен саймаланган кол кабы Лас Вегастагы аукциондо 190 миң долларга сатылды. Асылзат буюмдарды жасоочу Сваровский зергерлер үйүндө жасалаган кооз кол капты Майкл Жексон 1984-жылкы “Жеңиш туру” деп аталган концерттери маалында кийип жүргөн. Лосанжелестик аял ырчынын кол кабын сатыкка коюлганга чейинки баасынан он эсеге кымбат сатып алды. Жексондун кол кабы ырчынын о дүйнө учканынын бир жылдыгына туштап өткөрүлдү.