Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:06

БУУ Ошко гуманитардык жардам жеткирүүдө

Бириккен улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы бүгүн Ош шаарына гуманитардык жардам жеткирди. Ил-76 жүк ташуучу учагы 40 тонналык гуманитардык жардамы менен Ошко эртең мененки он бирде конду. Бул жолу аталган уюм чатырларды, жууркандарды, төшөнчүлөрдү ж.б. керектүү буюмдарды жеткиришти. Бул – аталган уюм Ошко жөнөткөн үчүнчү учак. Аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлагандай, Ош шаарына дагы 40 тонна гуманитардык жардам жеткирилет. (IJz)
XS
SM
MD
LG