Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов, шаардын коменданты Курсан Асанов жана Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзуллаевдер саат 16:15те УТРК аркылуу шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат беришет. Бул тууралуу УТРКнын жетекчи орун басары Улан Карыпов «Азаттыкка» билдирди.
Буга чейин Оштогу коогалаң уюштурган күчтөр референдум күнү да ар кандай чагымчылык аракеттерди жасашы мүмкүн деген ушак-айыңдар айтылып келген эле. Шаар бийлиги бүгүнкү иш-чара негизинен тынч өткөнүн, бир дагы шайлоо бекетинде чыр-чатак катталбаганын белгилөөдө. (Jak)