Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Өзбекстан Чек айылындагы көпүрөсүн тосконго камданууда.


“27-июнда Чек айлына келген өзбек куруучулары кыштакка кире бериште турган көпүрөгө бийиктиги үч метр дубал курууга чийме чийип кетишти. Эгер ал дубал курулса , айылдын өзбек тарабында калган 24 үй бүлө кыргыз жараны өз өлкөсүнөн бөлүнүп, ага- тууганы менен катташпай калат. Ал планды ишке ашырбоого айылдагы 200- 300 адам каршы аракеттерди көрөбүз. Кыргыз бийлиги маселени өзбек жетекчилиги менен батыраак чечпесе, кырдаал курчушу ыктымал, ” – деп билдирди айыл тургуну Салимурза Жумабаев.

Анын айтымында эки өлкө ортосунда турган Чек кыштагындагы чек ара делимитация боло элек. Жергиликтүү эл Ноокен район акими жана Сакалды айыл өкмөт башчысынын катышуусу менен 22- июнь күнү көпүрөнү өзбекстандык кызматтарга буздурбай коюшкан. (YA)

XS
SM
MD
LG