Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:50

Р. Отунбаева: Мурдагы үй-бүлөлүк авторитардык режимдерге чекит коюлду


Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева добуш берүү аяктагандан кийин билдирүү жасап, референдумга катышкан шайлоочуларга ыраазылык сөзүн айтты. "Ушуну менен элибиз Акаевдер менен Бакиевдердин мурдагы үй-бүлөлүк авторитардык режимине кабелтең чекит коюшту",-деп баса белгиледи мамлекет жетекчиси.

Р. Отунбаева ошондой эле Кыргызстанда парламенттик демократиялык башкаруудагы мамлекет курууга саясатчылар жана саясат таануучулар тарабынан айтылып жаткан ишенбөөчүлүк негизсиз экенин референдум даана көрсөткөнүн белгилеп, жакында парламенттик шайлоонун мөөнөтү жарыяланып, күзүндө Кыргызстан бийликтин бардык легитимдүү бутактарына ээ болорун билдирди.

Ага чейин таасирлүү партиялардын өкүлдөрүнөн мыйзам чыгаруучу комитет же ассамблея түзүлүп, зарылчылыкка жараша чогулуп декреттерди кабыл алуу боюнча парламенттин ордуна убактылуу иштеп турмакчы.

XS
SM
MD
LG