Дүйнөнүн 20 өнүккөн өлкөсүнүн лидерлери глобалдык кризистен кийин экономиканы кайра калыбына келтирүүнүн жолдорун талкуулашты. Германиянын канцлери Ангела Меркелдин айтымында, бай мамлекеттер экономиканын өсүшүнө кедерги болбосун деп, бюджеттеги дефицитти 2013-жылга чейин тең жарымына кыскарта турган болушту. Торонтодогу саммит учурунда полиция антиглобалисттердин тополоңунда 600 ашуун адамды кармады.