Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

“Патриот”: Референдум тынч өттү


“Патриот” ыктыярчылар кошууну бүгүн билдирүү таратып, кечээ Бишкекте референдум тынч өткөнүн билдирди. “Патриот” кыймылынын ыктыярчылары 27-июнь күнү таңкы саат сегизден тарта борбордун Биринчи май районундагы 50 шайлоо бекетин көзөмолдөшкөн. Мындан тышкары “Патриот” кыймылынын жаштары Аламүдүн районунда, “Ала-Тоо” жаңы конушунда жана Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында коопсуздукту жана тартипти көзөмөлдөшкөн. Бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы да билдирүү таратып, өткөн түнү калаада абал тынч болгонун белгилеп, милиция дагы эле күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдады. (EK)

XS
SM
MD
LG