Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Маданият министрлиги өзбек ырчысына нааразы


Бүгүн аталган министрликте жыйын уюштурулуп, анда Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманованын Ош окуяларына арнап ырдаган чыгармасы жалпы кыргыз коомчулугунда кыжырдануу жаратып жатканы айтылды. “Усманованын ырында кыргыздын намысына тийип, кымызын келеке кылып, наалат айтып “ыймансыз” деген саптары айрыкча жаштарды чоң дүрбөлөңгө салды” деп маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, өзбек ырчысынын бул чыгармасына байланыштуу атайын эксперттик комиссия түзүлгөн. Комиссияга кыргыздын чыгаан композиторлору, министрликтин өкүлдөрү бекитилип, Тышкы иштер министрлигине атайын кат жолдоо көздөлүп жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG