Германия жогорку тепкичке кечээ Англиянын командасын 4-1 эсебинде уткандан кийин көтөрүлдү. Аргентина болсо Мексиканы 3-1 эсебинде утуп эми биринчилик үчүн келе жаткан ишенбиде Кэйптаун шаарында таймашка түшөт. Бүгүн болсо нидерландиялыктар словакиялыктар менен Дурбан шаарында, ал эми Бразилия менен Чилинин командалары оюн көрсөтүшөт.