Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев Орусия президенти Дмитрий Медведевдин парламенттик башкаруу Кыргызстанга туура келбестиги тууралуу пикири анын биздин өлкө жана элдин менталитети тууралуу маалыматы аз экендигинен кабар берет деп эсептейт. Өмүрбек Текебаев мындай пикирин бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, буга чейинки Кыргызстандагы эски бийлик режимдерин колдоп, мында каржылык кызыкчылыктары болгон атайын кызматтын генералдары президент Д. Медведевге Кыргызстанга күчтүү кол жана күчтүү бийлик керек деген реалдуулукка жакындабаган жаңылыш сунуштарын киргизишкен. “Муну менен Орусия жетекчилиги Торонто шаарында Кыргызстандагы парламенттик башкарууга багыт берген референдумдун жыйынтыгы боюнча комментарий берип жатып, бул өлкө мамлекеттүүлүгүн жоготуу алдында турат, ал жака күчтүү бийлик керек болчу деген оюн билдирген. Мында күчтүү бийлик катары президенттик башкаруу формасы жөнүндө сөз болгон”, - дейт Өмүрбек Текебаев.
Орусия президенти Дмитрий Медведев 27-июнда Канаданын Торонто шаарында, Чоң жыйырманын саммити учурунда сүйлөгөн кезинде Кыргызстанда парламенттик республика идеясы кантип ишке ашырыларын элестете албасын айткан болчу.