Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:00

Кыргызстан референдумду тынч өткөргөнү үчүн мактоого алынды


АКШ, Бириккен улуттар уюму, Евробиримдик жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстанды жекшембиде референдумду тынч өткөрө алганы үчүн макташты. АКШнын Мамдепартаменти референдумду “оор айлардан кийин тынч жана стабилдүү жашоого карай жасалган алгачкы кадам” деп атады. ЕККУ бирок добуш берүүдө, бюллетендерди саноодо айрым катачылыктар байкалганын да билдирди.

Бүгүн өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева Кыргызстандагы референдумдун жүрүшүнө көз салган чет-өлкөлүк байкоочулар менен жолугушаары күтүлүүдө. Кыргыз бийликтери референдумда добуш бергендердин 90% ашууну Конституцияны жактырганын билдиришти. Жаңы Конституцияга ылайык, өлкө Борбор Азиядагы алгачкы парламенттик республика деп жарыяланат. Парламентке шайлоо быйыл күзүндө өтөөрү айтылган.

XS
SM
MD
LG