Алар бир топ жылдар бою Орусиянын Тышкы чалгын кызматына иштешкенин Иликтөөлөр боюнча Федералдык бюро билдирди. Юстиция департаменти ал адамдар камалганын дүйшөмбүдө кабарлады. Дагы бир 11-адам азыр изделип жатат. Ал ушул тыңчыларга акча которуп турган деп айыпталууда.