Армениянын Ереван шаарында өтүүчү Жаштардын дельфиялык оюндарынын VI жолку ачылыш аземине Кыргызстандан жаш өнөрпоздор жөнөп кетишти. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Фестивалга КМШ өлкөлөрүнүн өнөрпоздору менен кошо Бишкектеги “Шаттык” бий тобу, 4-искусство балдар мектеби жана Т. Садыков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын тарбиялануучулары катышат. (AJ)