Бул тууралуу бүгүн Ош облустук шайлоо комиссиясынын жыйынтыгында белгиленди. Маалыматка караганда, тизмедеги 597 миң 804 шайлоочунун 357 миң 187и реферерендумга катышып, жалпысынан 65,94 пайызды түзгөн. Алардын 288 миң 798и (80,85%) “макул” деп добуш берсе, 58 миң 951и (16,5%) “каршы” добуш берген. Ош облусунда 467 шайлоо участкасында референдумга добуш берилип, мыйзам бузуулар болгон эмес. (AJ)