Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Орусия АКШдан түшүндүрмө күтүүдө


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Москва Вашингтондон Орусиянын тыңчылары кармалды деген маалымат боюнча түшүндүрмө күтүүдө:


-Бизге эмне жөнүндө сөз жүрүп жатканын түшүндүрүшө элек, түшүндүрөт деп үмүттөнөбүз. Бүгүн жалгыз эле нерсени айта алам, бул жасалган учур абдан көркөмдүк менен тандалып алынган.

Мунун алдында АКШнын юстиция министрлиги Орусиянын пайдасына узактан бери тыңчылык кылып жүргөн деп шектелген он адам кармалганын, алардан башка дагы бир шектүү адам бар экендигин жарыялаган эле. Тыңчы деп шектелгендерди АКШнын Федералдык тергөө бюросу тапкан. Орусиянын Тышкы чалгын кызматы бул маалыматты комментарийлебей турганын билдирди.

Окуя эки өлкөнүн алакасы акыркы айларда оңолуп, президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведевдин соңку сүйлөшүүлөрүнөн көп өтпөй эле орун алып олтурат.

XS
SM
MD
LG