Бул тууралуу Кыргызстандагы Бельгиянын элчиси Даниэл Бертран тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев менен болгон жолугушууда билдирди. Элчинин айтымында, Бельгия өкмөтү БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссары аркылуу Ош, Жалал-Абад облустарында жабыркагандарга гуманитардык жардам катары 600 миң евро бөлгөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, тараптар Кыргызстандын ички саясий абалын, 27-июнда өткөн референдумдун жыйынытыгы тууралуу, эки тараптуу кызматташуу маселесин талкуулашкан. (AJ)