Убактылуу өкмөттүн социалдык саясат боюнча координатору Элмира Ибраимова 7-апрелде жабыр тарткандар тарабынан түзүлгөн “Айкөл-Алатоо” коомдук кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда аталган кыймылдын өкүлдөрү апрель окуясында жабыркагандардын билим алуусу, ишке орношуу, турак-жай менен камсыз кылуу маселеси чечилбей жатканын, атайын эсепке түшкөн акча каражаттары натыйжасыз пайдаланып жатканан айтышты.
Жолугушуунун соңунда 6-7-апрелде жабыр тарткандарды социалдык колдоону координациялоочу мамлекеттик комиссиянын курамына “Айкөл-Алатоо” кыймылынан төрт өкүлдү кошуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)