Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Орусия АКШнын тыңчылар боюнча маалыматын кансыз согуш дооруна кайтуу деп эсептейт


АКШда Орусиянын тыңчысы деп шектелген он адам кармалды деген маалыматка орус тышкы иштер министрлиги бүгүн мына ушундай мамилесин билдирди. Министрликтин билдирүүсүндө айтылгандай, АКШнын маалыматы "негизсиз" жана көздөгөн максаты "жакшы эмес". Орус тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө ага катар бул окуя АКШ президенти Барак Обама орус-америкалык алаканы кайра жандырууга кадам жасаганда орун алгандыгы “абдан өкүнүчтүү” экени белгиленген. Мунун алдында АКШдан түшкөн маалыматты орус тышкы иштер министри Сергей Лавров төмөнкүчө комментарийлеген эле:

-Бизге эмне жөнүндө сөз жүрүп жатканын түшүндүрүшө элек, түшүндүрөт деп үмүттөнөбүз. Бүгүн жалгыз эле нерсени айта алам, бул жасалган учур абдан көркөмдүк менен тандалып алынган.

Орусиянын пайдасына узактан бери тыңчылык кылып жүргөн деп шектелген он адам кармалганын, алардан башка дагы бир шектүү адам бар экендигин АКШнын Федералдык тергөө бюросу дүйшөмбү күнү жарыялаган. АКШда бети ачылган тыңчылык түйүн менен байланышы бар деп болжолдонгон бир адам Кипрден кармалганын бүгүн бул өлкөнүн полициясы билдирди. Кармалган адам кайра күрөө менен бошотулган.

XS
SM
MD
LG