Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

А. Салымбеков: "Келечек Азияда" деген сөздүн калети жок


Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатына күбө болуп, Эл аралык футбол федерациясынын жыйынына катышып келген өлкөнүн футбол федерациясынын вице-президенти, “Дордой” спорт клубунун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков дүйнө чемпионатынын өзгөчөлүктөрү, мелдештери жана кыргыз футболунун көйгөйлөрү тууралуу "Азаттыкка" кеп салды.

- Аскар мырза, Түштүк Африка Республикасында өтүп аткан дүйнө чемпионатында эл аралык футбол федерациясынын конгрессине катышып келдиңиздер Кыргызстандан делегация болуп. Ушул конгрессте кандай маселелер каралды?

- Ар бир төрт жылда дүйнөлүк чемпионат башталардын алдында футбол федерацияларынын мамлекеттеринин конгресси болуп өтөт. Бүткүл дүйнөлүк футбол федерациясында 208 мамлекет бар. Биринчи Азия федерациясынын конгресси болду Йоханнесбург шаарында, экинчи күнү Бүткүл Дүйнөлүк федерациянын конгрессине катыштык. ФИФАнын Уставдары, бюджеттери бекиди. Анын бюджети 3 млрд. доллар экен.

Азыркы чемпионатта телевидениенин эле көрсөтүүсүнөн 2 млрд 200 млн. доллар түштү. Федерацияларга 208 мамлекетке быйылкы жылга 250 миң доллардан кошумча жардам катары берилди, жер-жерлерде футболду өнүктүрүү боюнча. 11-күнү жаңы стадион ачылды Йоханнесбургда. Ачылышында Түштүк Африканын командасы менен Мексика командасы ойноду. Калыстар тобунун арасында биздин дагы Бактияр Кочкаров деген калыс катышты. Көп эле стадиондордо болгом дүйнөдө, сурнай, кернейлер менен чыгып алып күйөрмандары ушунчалык колдошот экен.

- Сиз бир нече дүйнө чемпионатына катышып келдиңиз, олимпиадалык оюндарга да катышып жүрөсүз. Ал эми бул Түштүк Африкадагы дүйнө чемпионаты эмнеси менен өзгөчө таасир калтырды?

- Футбол федерациясынын президенти Зепп Блаттер белгилегендей, биринчи жолу Африка континентинде болуп, Африканын футболун, экономикасын, саясий жагынан беделин көтөргөнгө жарнама болду. Түштүк Африканын даярдыгы да ушунчалык жакшы болуптур. Жаңы стадиондо болуп атат, инфраструктуралары, коммуникациялары Германияда 2006-жылы 700-800 млн. долларга кымбат аппаратуралар орнотулуптур. Африка мамлекетинин кадыр-баркын көтөргөнгө аябай чоң өбөлгө болду.

-Кайсы оюндарга барып күбө болдуңуздар?

- Башындагы үч оюнду көрдүк, Түштүк Африка – Мексика, Аргентина – Нигерия, Түштүк Корея – Греция үч оюнга күбө болдук. Ошону менен кайра кайттык. Конгресс ачылган күнү Кыргызстандан суук кабарлар келип, Ош, Жалал-Абаддагы окуялар өтүп, өзүбүздүн маанайыбыз пас болду, элдин баары сурап атты. Башталганда 1-2 күн болуп алып эле кайра кайттык.

-Азиянын футболдук командарынын деңгээлдери кандай экен? Европаныкы болсо түшүнүктүү, Американын да футбол командарынын деңгээли да бийик эмеспи?

- Азия конфедерациясына 47 мамлекет кирет, элинин саны боюнча Индия, Кытай кошулганда дүйнөнүн элинин жарымы Азия континентинде болуп атпайбы. Азиянын футболунун урааны “Келечек Азияда” деп айтылат. Жылдар өтөт, бирок биздин Азиянын футболунун деңгээли Түштүк Американыкындай, Европаныкындай болот деген менде чоң ишенич бар. Кытай азыр уктап аткан кези, ал дагы ойгонот. Япония менен Корея ойгонуп, Австралия, Жаңы Зеландия биздин Азия конфедерациясында ойноп атат. Индия жатат. Биздей Борбордук Азия мамлекеттери турат, туура эле айтылып атат “Келечек Азияда” деп, футбол боюнча дагы.

-Дүйнөлүк чемпионаттын таасири менен Кыргызстанда дагы футболдун деңгээлин көтөрсө болобу, же сизге окшогон 2-3 эле ишкерлер, демөөрчүлөргө таянып эле, Кыргызстанда өкмөттүк деңгээлде жакшы көңул бөлүнбөй атабы?

- Мамлекетте болуп аткан өнүгүп өсүү бардык тармактарга таасирин тийгизип атпайбы. Футболго деле эмес, маданиятка жана башкаларга. Биздин мамлекет кандай болсо, футбол деле ошондой деген баа эмес. Былтыр эле он команда ойноп аттык эле, быйыл 6 команда калды. Стабилдүүлүк болбосо, бизнес өчө баштаса, биздин акимиат, райадминистрацияларда деле акча каражат жок болуп атпайбы ал командаларды колдоп, кармаганга.

Быйыл Ош мэриясы команда чыгарабыз деди эле, Ош окуялары менен ал жерде команда болбой калды. Былтыр чыгып аткан командалардан Жалал-Абадда команда болбой калды, Кочкор-Атада “Нефтянник” да болбой калды. Бир эле команда калып атат түштүктө. Бул эмнени билдирет, бардык жерлерде профессионалдык клуб менен күч болуп атат.

Профессоналдык клубдан бизде “Абдыш-Ата” менен эле “Дордой” болуп атпайбы. Кара-Балтада тоо-кен комбинаты, Бишкекте “Алга” командасын мэрия кармайбыз деди эле, революциядан кийин аларда да тоноочулук болуп кетти. Алардын дагы күчү жок болуп калды. Эгер тынчтык болуп, экономика күркүрөп өнүгүп-өссө башка тармактардын баарын сүйрөп кетет эле, ошол эле исскуствону, маданиятты, спортту. Ошон үчүн мамлекетте кандай кырдаал болсо футболдогу кырдаал да ошондой.

-Дүйнө чемпионатында ким чемпион болот деп ойлойсуз?

- Түштүк Американын командалары жакшы даярдыгын көрсөтүп атат. Европанын командалары быйыл начар болуп атканын байкап атабыз. Мен ойлойм Түштк Американын бир командасы болот го. Айырмаланып турганы Аргентина, Бразилия.
XS
SM
MD
LG