Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Ооганстанда кырдаал бошоң бойдон калууда


Бул тууралуу Сенаттагы бүгүнкү угуу учурунда АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн командачылыгына жаңыдан дайындалган генерал Дэвид Петреус билдирди. Ал Сенаттын аскер иштер боюнча комитетинин суроолоруна жооп берип жатып, Ооганстанда кырдаалдын бошоңдугунан тышкары Талибандын козголоңчулары кубаттуу экенин жана али өзүлөрүн “ишенимдүү” сезишерин кошумчалады. Кезинде АКШнын Ирактагы операцияларын ийгиликтүү жетектеген Девид Пэтреус Ооганстан боюнча командачылыкта генерал Стэнли МакКристалды алмаштырат. Аны президент Барак Обама иштен өткөн аптада бошоткон. Мунун алдында МакКристал америкалык журналдардын биринде жарыяланган макаласында Обама администрациясынын айрым жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн дарегине келекелөө менен сын айткан.

XS
SM
MD
LG