Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:46

АКШ “тыңчылар боюнча иш” Орусия менен алакага таасир этпейт деди


Мамдепартаменттин расмий өкүлү Филипп Гордон “Орусия менен мамилени жакшыртууга багытталган АКШнын аракеттери кансыз согуштан калган тыңчылыктын айынан токтоп калбайт” деген таризде билдирүү жасады. Ушул аптада АКШнын Федералдык иликтөө бюросу “Орусиянын тышкы чалгын кызматына иштеген 11 тыңчыны кармаганын” билдирген. Орусиянын премьер-министри Владимир Путин “соңку мезгилдерде эки өлкөнүн ортосунда жакшыра баштаган мамилелерге бул окуялар таасир этпейт го деп үмүттөнөөрүн” билдирди.

XS
SM
MD
LG