Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:02

“Журналисттер” уюму жабыр тарткан кесиптештерине жардам берди


“Журналисттер” коомдук бирикмеси Ош жана Жалал-Абад облустарындагы коогалаңда жабыр тарткан журналисттерге жардам берди. Бул тууралуу аталган уюмдун координатору Мэри Бекешова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларда алты журналист жабыркап, бир телекомпания өрттөнүп кеткен. Оштун “Керемет” телекомпаниясынын оператору катуу токмоктолуп, абалы далее оор бойдон. Белгисиз жоголгон Пазыл Сарыбаев аттуу фото-корреспондент дале табыла
элек. Андан тышкары төрт журналисттин үй-жайы толук күйүп, бир катар журналисттер техникалык каражаттарынан айрылышкан.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси Даниялык IMS уюмунун колдоосу менен жогорудагы жабыр тарткан журналисттерге акчалай жана буюм-тайым иретинде жардам берди. (IJz)

XS
SM
MD
LG