Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Журналисттерди өзгөчө кырдаалда иштөөгө үйрөтүшөт


“Журналисттер” коомдук бирикмеси кыргызстандык журналисттерге өзгөчө кырдаалдарда кандай иштөө керектигин үйрөткөн семинар-тренинг уюштурууну пландоодо. Уюмдун координатору Мэри Бекешованын айтымында, өлкөдө болуп өткөн соңку окуялар журналисттердин чеберчилигин мындан да жогорулатуу керектигин, аларды татаал маселелерди кылдат чагылдырууга үйрөтүү зарылчылыгы бар экенин көрсөттү. Андан тышкары, алдыда парламенттик шайлоо келаткандыктан, ал маанилүү иш-чараны да туура чагылдыруу зарылчылыгы пайда болууда. Ошол себептүү журналисттер үчүн бул жаатта да окуулар уюштурулат. Өлкө боюнча мындай тренингдер июль айында башталат. (IJz)

XS
SM
MD
LG