Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 22:41

“Керемет” телекомпаниясынын операторунун абалы дале болсо оор


Бул туурасында “Журналисттер” коомдук уюму аталган телекомпаниянын аткаруучу директору Венера Абдыраимованын айткандарына таянып билдирүүдө.

Маалыматка караганда, 11-июнда оператор Батыр Маматжановду Ош шаарынын Грензавод аймагындагы аскер бөлүгүнүн жанында белгисиз 20-30 чакты бала токмоктоп, унаасын, видеокамерасын тартып алышкан. Катуу тепкиден башы жарылып, эки кабыргасы сынып жаракат алган аталган телекомпаниянын оператору Батыр Маматжанов эсине келе албай жатат. (КЕ)
XS
SM
MD
LG