Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:12

Бүгүн Германияда жаңы президент шайланат


Мурдакы президент Хорст Келер бир ай мурда кызматтан кеткен. Германияда президент негизинен символикалуу кызмат. Конституция боюнча президент Бундестагдын депутаттарынан жана федералдык 16 штаттын өкүлдөрүнөн турган атайын жыйында тандалып шайланат. Башкаруучу коалиция көрсөткөн Төмөнкү Саксония штатынын премьер-министри Кристин Вульф президенттикке шайланат деп болжолдонууда. Вульф президент болуп шайланса, канцлер Ангела Меркель башындагы коалиция үчүн чоң ийгилик болот. Оппозициядагы социал-демократтар менен “жашылдар” Чыгыш Германиялык таанымал диссидент Йохаим Гауктун талапкерлигин көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG