Ооганстандын чыгышындагы НАТОго тийиштүү аэропортко кол салган талиптердин ондой жоокери жок кылынганын Ооган өкмөтү менен НАТОнун жетекчилиги билдирди. Нангахар провинциялдык өкмөтүнүн өкүлүнүн (Ахмад Зия Абдулзай) маалымдашынча, автомобилчен жанкечти Жалалабаддагы аэропорттун дарбазасына чукул келип, бомба жардырган. НАТОнун маалымдашынча, согушчандардын чабуулун ооган аскерлери менен эл аралык күчтөр кайтарып, “бир нече согушчанды жок кылышкан”.
Коргоо министрлигинин өкүлү Захзир Азиминин сөзүнчө, сегиз эрегишчи окко учуп, бир ооган жана бир НАТОлук аскер жарадар болгон.
Ооганстандагы эл аралык күчтөргө командачылык кылат деп тандалган америкалык генерал Дэвид Петреус 30-июнда Сенатта болгон угууда алдыңкы айларда эрегишчилер дагы жаалдана турганын билдирген. АКШ Сенаты бекитсе эле Петреус Ооганстанга жүрүп кетет.