Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын комендатурасынын басма сөз катчысы Рахматулла Ахмедов билдирди. Анын айтымында, Ош облустук жана Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын тартип коргоо коргоо кызматкерлери мындан кийин кызмат учурунда бир гана кесиптик форманы кийип жүрүүгө укуктуу. Бул кырдаалдын турукташып баратканына байланыштуу болуп, башка эч бир себеби жок. Мурдарак аскер кийимин кийген адамдар тынч элге ок атып жатканы тууралуу маалыматтар айтылган болчу. (КЕ)