Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:38

Оштогу тополоңго байланыштуу 758 кылмыш иши козголду


Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмыш иши көбүнчө өздүк мүлккө залака келтирүү фактысы боюнча козголгон. Андан кийинки орунда уурдоо, адам өлтүрүү, барымтага алуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү турат.

29-июнга карата Ош облусу жана шаары боюнча Аскердик прокуратура тарабынан 223 өлүк табылып, алардын 138и октон каза тапкандыгы аныкталган. Табылган өлүктөрдүн 84ү таанылган эмес. Ошондой эле дайынсыз жоголгондор боюнча 69 арыз келип түшүп, 49 кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип 77 адам кармалып, анын 72си камалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG