Пакистан өкмөтү согушчандардын чабуулун электрондук маалымат каражаттарында чагылдырууга тыйуу салган мыйзам долбоорун сунуш кылды. Мыйзам кабыл алынса, өзүн-өзү бомба менен жардырган жанкечтилерди, террордук чабуулда өлгөн адамдардын денелерини, согушчандардын билдирүүлөрүн жана башка террордукка үндөгөн чакыруулардын видеотасмаларын көрсөтүүгө тыйуу салынат. Непадам мыйзам кабыл алынса, бул тартипти бузгандар үч жылга чейин эркинен ажыратылат.