Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

АКШ өкүлү Кыргызстандын түштүгүнө барат


Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысынын калкты жайгаштыруу, качкындар жана миграция маселелери боюнча жардамчысы Эрик Шварц Ош шаарына барат. Бул тууралуу “Азаттыкка” АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ал сапары учурунда тополоңдо үй-жайын таштап качкандардын ал-абалы менен таанышып, аларга берилчү жардамдарды аныктайт. Эки күндүк иш сапарынын соңунда ал маалымат жыйынын өткөрмөкчү. Э.Шварц Кыргызстанга кечээ келген. (IJz)

XS
SM
MD
LG