Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Жалган маалыматтары үчүн укук коргоочулар суралды


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, “24.kg” агенттиги укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулованын маалыматына таянып, Наримандагы тазалоо операциясы учурунда 20 адам өлүп, 23 адам жаракат алганын жазып чыкканы, буга байланыштуу аталган укук коргоочулар көрсөтмө берүүгө чакырылганы айтылат.

Сурак учурунда укук коргоочулар “24.kg” агенттигине андай маалыматты беришпегенин, Наримандагы операциядан кийин эки адамдын каза болгону тууралуу маалыматтары болгонун айтышкан.

“Ошентип аты аталган укук коргоочулардын Наримандагы атайын операция учурунда көп адам өлгөнү тууралуу маалыматтары жалган болуп чыкты”,- делет маалыматта.
“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова да “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, алар маалымат каражаттарына эки адам өлгөнү тууралуу маалымат беришкенин, техникалык cебептерге байланыштуу “24.kg” агенттигине 20 адам деп чыгып кеткенин билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG