Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Хельсинки комиссиясы Кыргызстандагы референдумду кубаттады


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык комиссиясынын жетекчилиги (Хельсинки комиссиясы АКШ) бүгүн Кыргызстанда 27-июнда референдумдун тынч өткөнүн кубаттап, өлкөнү калыбына келтирүү багытында эл аралык жардамдарды көбөйтүүгө чакырды.

“Кыргызстандын түштүгүндөгү зомбулукка карабай атуулдардын добуш берүү пайызы жогору болгону алар өздөрүнүн демократиялык добушун берүүнү каалаганын күбөлөндүрүп турат”,- деп билдирген комиссиянын төрагасы, АКШнын сенатору Беджамин Л.Кардин (Мэриленд штатынын демократы) референдум Убактылуу өкмөттү легитимдештирерин, мурдагы режимден калган коррупцияны ооздуктоого шарт түзөрүн белгилеген. Ал ошондой эле АКШнын Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүү планын колдоорун айткан.

“Кыргызстан өзүнүн парламенти үчүн тең салмак күчүн өзгөрткөн аймактагы бирден-бир мамлекет”,-деп билдирген тең төрага, конгрессмен Л.Хастинг (Флорида штатынын демократы).
Бул тууралуу Хельсинки комиссиясынын маалыматын Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык комиссиясы, АКШдагы Хельсинки комиссиясы катары белгилүү. Аталган комиссия көз карандысыз федералдык өкмөттүн агенттиги болуп эсептелип, 57 мамлекет менен адам укуктарын кеңейтүү аркылуу ар тараптуу коопсуздукту жайылтуу, демократия, экономикалык, экологиялык жана аскерий кызматташуу укуктарына ээ. Комиссиянын курамы АКШнын сенатынан 9 , Өкүлдөр палатасынан 9, Мамлекеттик департамент менен Коргоо жана соода министрлигинин бирден өкүлүнөн турат. (AJ)

XS
SM
MD
LG