Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Бажынын бары жакшы


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

1-июлдан тарта Орусия, Казакстан Бажы биримдиги ишке киришти. Биримдикке Белорусиянын кошулуусу орусиялык арзанбаа мунайзатына байланыштуу бираз кечигибирээк өткөнү турат. Белорусия орусиялык мунайды ички базар баасында алууну көздөйт. Андайга азырынча Орусия өкмөтү макулдук бере элек. Июнга чейин эле расмий Астана менен Маскөө ортолук Бажы кодексин кабыл алышкан.

Үч өлкөнүн бирдиктүү бажы мейкиндигин камсыз кылуу, товарлардын ич ара ташылуусуна тоскоолдуктун жоюлушуна жетишүү аракети мындан он жыл илгери эле башталган. Башында Орусия - Белорусия биримдиги, андан соң бирдиктүү бажы мейкиндиги жайында кеп болуп, ага кийинчерээк Казакстан кошулган.

Быйыл жыл башынан Бажы биримдиги ишке киришип, бирок ага Белорусиянын кошулуусу ортолук мамиледен улам кечигибирээк өткөнү турат. Ортолук талаш Орусиянын ички базар баасында Белорусияга жылына берип турчу 20 миллион тонна мунайдан чыгууда. Маскөө анын өлчөмүн 6,3 миллионго түшүрүүнү көздөөдө. Белорусияны нааразы кылган орчун экономикалык маселелердин бири мына ушул мунай.

Антип үч өлкө Бажы биримдигине киришинин кээрин дагыле Кыргызстан тартып, быйыл жыл башынан сырттан ташылып келчү жүктөрдүн көбү кыйлага чейин Казакстан чек арасынан өтпөй турду. Кыргызстандын үчилтик бажы биримдигине кошулуу ниети мына ошол чек арада топтолгон жүктөрдөн улам чыкты.

Экономика илим доктору, профессор Жумакадыр Акенеевдин маалымдашынча, Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөшү Орусия менен Казакстан. Алардан кийинки орунду Кытай ээлейт.

- Эми биздин чек арадан өткөндө төлөнчү акынын орточосу 5,1 % эле. Азыр, бүгүнкү күнү ал Казакстандын чек арасынан өтүш үчүн 2,5 эсе өйдө болот. 12 % өйдөрөөк. Ошон үчүн мунун баарын ордуна коюш керек. Биз өмүр бою Кытайдан товары менен жан сактай албайбыз да.

Ж.Акенеевдин ырасташынча, Кыргызстан үчилтик бажы биримдигине кошулса андан пайдадан башка зыян деле тартпайт. Себеп дегенде өлкөнүн экономикалык алака-катышы Орусия, Казакстан менен бекем чырмалышып калган.

Кытайдын кымбат парчасы, Белорус трактору

Анын үстүнө Кытайдан Кыргызстанга жылдан-жылга арбын ташылып жаткан 9 миллиард долларлык керектөө буюмдарынын кыйласы үчүнчү бир өлкөгө чыгарылары деле жашырын эмес. Мурунку-кийинки бийлик тушунда көп айтылган Орусия, Казакстан, Белорусия бажы биримдигине кирүү демилгеси ушу тапта кылдат иликтенүүдө. Аны Экономиканы тескөө министринин орунбасары Султан Ахматов да ырастайт.

- Азыр биз күтүп атабыз. Киребизби же кирбейбизби. Неге дегенде мунаса болуш керек да. Белорусияны көрүп атасыңар эмне болуп жатканын. Ошон үчүн биз да күтүп атабыз. Маалымат келгенден кийин айтса болот.

Эларалык уюмдардын кыйласына мүчө Кыргызстан Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрдүн арасында биринчилерден болуп Дүйнөлүк соода уюмуна өткөн. Орусия, Казакстан, Белорусия ал уюмга биргелешип чогуу, болбосо өз алдынча кирүүнүн аракетин көрүшүүдө. Султан Ахматовдун ырасташынча, Кыргызстандын бажы төлөмдөрү Орусия, Казакстан, Белорусияга салыштырмалуу өтөле төмөн. Анын Бажы биримдигине кошулуу маселеси оңунан чечилип калса арзан бажы төлөмдөрүн көтөрүү зарылдыгы чыгат.

- Эгер биз Бажы биримдигине кирсек кээ бир бажы төлөмдөрү чоңоет, 2 эсеге. Анан ошол биздин соодага анча жакшы болбойт.


Кыргызстандын үчилтик Бажы биримдигине кирүүсүнүн экономикалык кызыкчылыгынан тышкары саясий максат-мүдөөсү да бар. Анын үстүнө Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын кыйласы ушу тапта ошол эле Орусия, Казакстанда иштеп жүрүшөт. Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, жаңы уюмга Кыргызстан сөзсүз кириши зарыл.

- Эгерде келечегин караса бизге абадай керек. Ал эми анын кандай шартта, кантип кабыл алынарын кылдат карап чыгыш зарыл.

Үчилтик Бажы биримдигине мүчө өлкө жетекчилеринин кезектеги жыйыны 4-5-июлда Астанада өтөт. Белорусиянын биримдикке кошулуу маселеси мына ушул жыйында аныкталып калышы ыктымал. Ал үчүн расмий Минск ортолук Бажы кодексин парламент аркылуу жактырышы абзел.

XS
SM
MD
LG