Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

БУУнун качкындар өкүлү Кыргызстандын элин ынтымакка чакырды


Бүгүн Жалал-Абатта болгондо Качкындар боюнча башкы комиссар Антонио Гуттереш зор трагедияга күбө болгонун белгилеп, "Азыр эң башкысы - алдыга карап, ар кыл жамааттарды ынтымакташтырып, кыргыз, өзбек, орус, кимиси болсо да тынчтыкта, тең укуктуу жашагыдай болушу керек" деди. БУУнун улук өкүлү Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов менен жолугушуп, июнь айындагы тополоңдун себептери талкууланды. Жалал-Абад облусунан 40 миңден ашуун адам Өзбекстанга качып, ушул күндөрү алардын дээрлик бардыгы кайра кайтып келишти. Антонио Гуттереш Кыргызстанга ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG