Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Тажик өкүлү: Кыргызстандагы окуяларга тажиктердин тиешеси жок


Тажикстандын Улуттук Коопсуздук кызматынын Бадахшан обласындагы баш өкүлү генерал Абдулла Назаров өзүнүн жана башка тажиктердин бул окуяларга тиешси жок экендигин билдирди. Азаттыктын" тажик кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Назаров кагылыштар үчүн Кыргызстанда «өрт жагып», кийин аймакты баш ийдирип алгысы келген «супердержаваларды» күнөөлөдү. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Ош-Жалал-Абаддагы кооганы уюштурууга катышты деп шектелген башка диний экстремисттик уюмдар менен катар, Тажикстандын Бириккен Тажик Оппозициясы деп аталган кыймылды да атаган эле. Бул кыймыл эбак чачырап кеткен, Абдулло Назаров убагында ошол кыймыл аркылуу бийлик структураларына келген.

XS
SM
MD
LG