Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Обама Иранга каршы жаңы санкция жөнүндө мыйзамга кол койду


Бейшембиде АКШнын президенти Барак Обама айтканына караганда, бул - Вашингтон тараптан Тегеранга каршы киргизилген санкциялардын эң катаалы. Санкция Иранга өзөктүк программасын ийгиликтүү өнүктүрүүгө тоскоол болчу экономикалык чектөөлөрдөн турат.

"Мына ушул жана башка санкциялар менен биз Иран өкмөтүнүн өзөктүк программаны өнүктүрүү аракеттерине катуу сокку урабыз, - деди АКШнын президенти. - Биз Иранга анын ар бир кадамынын кесепети болоорун көрсөтүп жатабыз. Эгер эпке келбесе, басым күчөйт, биз аны обочодо кармоону улантабыз".

Ошол эле учурда Обама Ирандын ядролук программасы боюнча маселени дипломатиялык жол менен чечүүнү да жокко чыгарбай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG