Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Апрель окуяларында жабыркаган ишкерлерге колдоо көрсөтүлөт


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Темир Сариев өкмөт жыйыны учурунда билдирди. Анын айтымында, апрель айында жабыркаган ишкерлердин жалпы жоготуулары 1 миллиард 56 миллион сомго бааланды. Бирок мамлекет бардык ишкерлерге төлөмдөрдү кайтарып бергенге чамасы жок болгондуктан, 225 адамдан турган тизме түзүлгөн. Т.Сариевдин маалыматы боюнча, аталган тизмедегилер чакан бизнеси менен гана жан баккан адамдар. Андыктан, аларга мамлекеттин эсебинен 53 миллион сом төлөп берүү пландалууда.

“Бул тизмедегилердин чыгымдары 356 миллион сомду түздү. Сүйлөшүүлөрдөн кийин алар 53 миллион сомго макул болушту. Аталган тизме прокуратура, каржы полициясы жана Ички иштер министрлиги тарабынан текшерилди”,- деди Т.Сариев. Натыйжада Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Т.Сариев сунуштаган токтом долбоорун жактырып, ишкерлерге 53 миллион сом төлөөгө макулдугун беришти. (IJz)

XS
SM
MD
LG