Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери менен аскерлердин аракеттери аркасында акыркы эки-үч күн ичиндеги кыдыруулар учурунда да курал-жарактар табылды. Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 29-июнда Кара-Суу районунун Нариман айылынан ИЖ-17 маркасындагы мылтык, үч тапанча, жана 37 ок табышты. Ошол эле райондун Кызыл-Мээнет айылынан да бир мылтык алынды.
Базар-Коргон районунун милиция кызматкерлери Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынан “Калашников” маркасындагы беш автомат табышты. Ал эми Сузак айылынын бир тургуну “Ф-1” маркасындагы бир кол бомба, “ТОЗ-8” маркасындагы мылтык жана 740 грамм героин, 464 грамм гашиш менен кармалды. (IJz)