Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн кечээ өткөн отурумунда сөз болду.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Болотбек Абдрахманов сунуштаган “Кыргыз Республикасынан Меккеге ажыга барууну уюштуруу жөнүндө” деп аталган токтом долбоору отурумда жандуу талкууга алынды. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көбүнүн айтымында, мурдагы бийликтердин тушунда ажыга барууну уюштуруу иштери коррупциялашып калган. Айрым өкмөт мүчөлөрү болсо мамлекет ажыга баруу иштерин уюштуруу милдетин албоосу керектигин, ажыга барууну каалагандарга виза алууга жардам берүү жетиштүү болорун айтып чыгышты. Талкуунун жыйынтыгында Б.Абдрахмановго токтом долбоорун айтылган пикирлерди эске алуу менен кайра иштеп чыгуу тапшырылды. (IJz)