"Нью-Йорк Таймс" гезити 1-июлдагы санында “Кыргызстанда өзбектер элди коогага тукурду деп күнөөлөнүүдө” деген макаланы басты. Андрю Крамер өз макаласында укук коргоочуларга шилтеп, өзбек жамаатынын ондогон диний жана саясый башчылары элди этникалык тополоңго тукурду деп айыпталып жатканы кабарланат. Эл аралык "Хьюман Райтс Уоч" уюмунун изилдөөчүсү Оле Солванг өзбектерди камакка алууну мыйзамсыз деп атайт. Өзбек жамаатынын ичинде Кыргызстандын коопсуздук мекемелерине ишенбеген адамдар бар экенин Эл аралык мунапыс уюмунун өкүлү Андреа Хубер да билдирген.