Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Президент Роза Отунбаева сөз сүйлөп жатат


Кыргызстандын гимни жаңыргандан кийин президент Роза Отунбаева сөз сүйлөп, адегенде 7-апрелде жана Кыргызстандын түштүгүндө тополоңдо набыт болгондордун жакындарына көнүл айтты.

Роза Отунбаева анттын касиетине токтолуп, аны бузгандын кусуру урат деп белгиледи. Өз сөзүндө Отунбаева демократияга да токтолуп, “ал үчүн күрөшкө чыкканбыз, эркиндик үчүн күн сайын күрөшүүгө даярбыз” деди. Роза Отунбаева сөз эркиндиги, адам укуктары баарынан жогору болгонун белгилеп, “идеялардын атаандаштыгына, башка көз караштагы саясатчылар менен диалогго даярбыз” деди. “Кыргыздан кыйын калк болбойт, кыргыз кыйын кезеңде бириккен” деп айтты президент. (ZMa)

XS
SM
MD
LG