Президент Роза Отунбаева сөз сүйлөгөндөн кийин Улуттук филармониянын алдында чыгып, аны коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков тосуп алды. Филармониянын алдындагы куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү менен саламдашкандан кийин Роза Отунбаева алардын катарынан өтүп, андан соң президенттик кызматка киришүү аземи жыйынтыкталды. (ZMa)