Экс-президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Үсөн Сыдыков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Сот жана прокуратура органдарына көзөмөл салган убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сот мындай чечимди Сыдыковдун жаш өзгөчөлүгүн, саламаттыгын эске алуу менен кабыл алды.
Жашыруун телефондук сүйлөшүүлөрү ачыкка чыккандан кийин өлкөнүн түштүк аймагындагы май айындагы башаламандыкка шектүү деп Үсөн Сыдыков 14-майда Ноокат районунда кармалып, УКМКнын абагына камалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон. (EK)